www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандагы чыгармачыл уюмдар, анын ичинде Жазуучулар биримдиги президент Эмомали Рахмонго кат жолдошуп, Душанбедеги Садриддин Айнинин үй-музейин түрттүрүүнү токтотууга чакырышты.
“Озоди” радиосунун колуна тийген документтерге караганда, Душанбе мэри август айында эле Тажикстан Илимдер академиясынын президентинен үй-музейди башка жерге которуу маселесин уюштурууну тапшырган. Мэрия үй-музей кайра баштан куруларын жана жаңы талаптарга жооп берерин билдирүүдө.
Бул чечимге каршы чыккандар Айни өзү жашаган жана чыгармачылыгын жараткан жер сакталып калышы керек жеп эсептешет.
“Бул үй-музей - Садриддин Айни жашаган жападан жалгыз жер. Үй-музей буга чейин да кызмат кылып келген жана мындан ары да жаш муундарды, деги эле тажик калкын тарбиялоодо кызмат кылат деп ишенем”, - деди Тажикстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы Равшан Махсумзод.
Душанбе мэриясы бул маселе толугу менен чечиле электигин, иликтенип жатканын кабарлады.
Тажикстан Илимдер академиясы алгач Садриддин Айнинин музейин жаңы стилде салып, андан соң ага музей экспонаттарын көчүрүү керек экенин билдирген.
Буга чейин тажикстандык саясат таануучу Парвиз Мулложонов “Фейсбуктагы” баракчасына Айнинин үй-музейи жөн гана имарат эмес, мамлекеттүүлүктүн символу экенин жазган.
Булак: NazarNews.kg