www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин ЖКдагы экс-өкүлү Молдакун Абдылдаев Көкөмерен иримине үй-бүлөсү менен кирип кетип жубайы менен уулунун сөөгү эки жумадан соң Көкөмеренден табылып, бүгүн жерге берилет. Айта кетишибиз керек, булар менен кошо он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристе шейит кетти. Угушубузча ал да жалгыз кызынын көп жылдан бери тилеп жүрүп табылган баласы экен. Тукумун улай турган жалгыз уулу да ушул кырсыктан улам жок болду. Көкөмерен суусу агып өткөн дал ушул жерде, жайылдык жаш үй-бүлө кирип кетип, эки чырактай наристесинен айрылышкан. Деги ушул жер абдан кандуу жер эл оозунда айтылат.

 Молдакун Абдылдаев 2008-2010-жылдары Акыйкатчынын аппаратын жетектеп келген. 2010-2014-жылдары президенттик аппараттын кат боюнча бөлүмүн жетектеп жүрүп журналисттердин ортосундагы кайым айтышууда калат. Ошондо Молдакун Абдылдаев журналисттерден, элден кечирим сураган бирден –бир атка минер. 2014-жылдан 2018-жылга чейин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн милдетин аткарган. Ал абдан көп жашыруун сырларды билген мыкты атка минер болгон. Эгер буюртма менен жок кылынса, парламенттеги иштери боюнча жок кылынышы мүмкүн. 2018-жылдан Чүй облусунун апппарат жетекчиси болуп келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, издеп жүргөн сөөктү, 10-июлда кечки саат 17.20 чамасында Көкөмерен дарыясынан, Арал айылынан ылдый тарапты көздөй 2 чакырым аралыктан табууга мүмкүн болду.

Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылган. Молдакун Абдылдаев менен небереси 6-июлда жерге берилди. Ага чейин айдоочу акыркы жайга узатылган. Калган экөө изделип жаткан.

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды. Учурда маркумдардын 26 жаштагы уулунун сөөгү табылып 15 –июлда жерге берилген жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости