www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам Каримовдун тушунда халифатчылыктан сактануу максатында Өзбекстан Орусиядан көп курал-жабдыктарды сатып алган болчу. 30 миллион калктан ашкан Өзбекстан Мирзияев президент болуп келгени тынчып калган. Эми Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Москвада Дмитрий Медведев менен сүйлөшүү жүргүзүп курал-жабдыктарды сатып алды. Ташкент менен Москва соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууларды абдан өнүктүрүп жатканы белгилүү. Ал эмес өзбек тарап Москвадан Су-30 СМ аскерий учактарын, Ми-35М тик учагын, БТР 82А аскердик техникаларын сатып алууга кызыкдар болуп жатканы кабарланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости