www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы ортоңку муундагы кадыр-баркуу ырчылардын катарын толуктаган Съездбек Искеналиев эл катарында өзүнүн мыкты алып жүрүүсү, сабырдуулугу менен айрымаланат. Анын жеке репертуарында 60га жакын ырлары бар. Аталган ырчы өзүнүн күйөрмандарына “Кыргыз ааламы” деген ырын тартуу кылгандыгын  NazarNews маалымат агенттигине кабарлады.

--Бул ырымдын сапатын өзгөртөйүн дедим. Анткени азыр ырлардын аранжировкасы окшош болуп, бири-бирин туурагандай. Эмне көп, ырчы көп? Жеңил желпи ырларга көп маани берилгени менен ал ырлардын өмүрүн дагы ойлой жүрүшүбүз керек. Ошондуктан күйөрмандарыма сапаттуу ырларды тартуулагым келет, аларга мен сапатсыз ыр тартуулаганга акым жок. Бул ырымды 3 жылдан бери жүрөгүмдө бышырып жүргөм. Сөзүн Акбар Кубанычбеков, аранжировакасын Жолдош Апасов оюмдагыдай кылып жазды. Албетте клип анимациялык графика жолу менен жасалды. Менимче аталган клип элдин купулуна толду десем жаңылышпаймын. Эң кызыгы бул ырга тема тандоо аябай кыйынчылык жаратты. Себеби, ырдын темасына “Эркин эл”, “Аруу эл”, “Кыргыз эл” деп тема коёлу десек, көп партиялардын атынан бар экен. Биз жараткан ыр ошол партияларга багытталып калчудай экен. Ойлонуп, изденип олтуруп анан жаңы ырымдын аталышын “Кыргыз ааламы” деп койдук.

--Сиздин жеке канча ырыңыз бар?

--60га жакын жеке ырым бар. Алардын арасында хит болгону бар, хит болбой багы ачылбай калганы бар. Эң биринчи ырларымдын сапаты начар болгону менен ошол жылдын, ошол мезгилдин сапатына жооп берчи.

--Партия деген сөзүңүздү карманып, “политикага” өтөлү...Мурдагы президент Кой-Ташта концерт берди, сизди чакырдыбы?

--Жок, чакырган жок. Азыр көлдө жүрөм.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости