www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумдун башталышында айыпталуучулар процестти өткөрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү суранышты.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев залдын ичи ысык жана тар экенин белгиледи. Аны менен бирге мындан мурда кененирээк бөлмө берилери убада кылынганын эске салды.

Соттун айтымында, бул нерсе андан көз каранды эмес. Башка залда оңдоо иштерин жүргүзүп, аны процесстерге даярдоо керек.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости