www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдиламит Матисаковду мен “паксачы ака” деп коём. Биз бала кезде айылда төрт пакса, беш пакса кылып коргон салган, там салган усталар болор эле. Ылайды эки-үч күндөп ачытып, буту менен тебелеп, анан бышкан соң дубал урганды башташчу.
Узун чапанынын этегин артына кайрып, белине чарчы байланган бул кишилер короону суук көздөн, мал-салдан коргой турган тосмо эмес, өлбөстүктүн түркүгүн орнотуп жаткандай ар бир тоголок ылайды чоң ниет, чоң эргүү менен урушчу.
Ким билет, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары колхоз бульдозер менен түрттүрүп салбаганда, канча жылдык карга туруштук берген, көнөктөп куйган жамгырга чыдаган ал коргондор Кытай дубалындай болуп дагы канча жыл тура берет беле...
“Паксачы” дегеним, ноокаттык жердеш агам Абдиламит Матисаков да мейли публицистика болобу, мейли аңгеме-повести болобу, ар бир эмгегин ылай ийлегендей ийлеп, өзү айткандай, “жүрөк аптабына какталып бышкан кезде” гана жазат.
Бир-эки жолу окулуп ыргытылбай, түбөлүк сакталып калгандай кылып жазат. Ошон үчүн өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында гезитке макала катары жазылган “Күзгү”, “Турмуштан тамган тамчылар”, “Жаннат эне, бешик жана жарты нан”, “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу публицистикалары дале актуалдуулугун жогото элек.
Жоготпойт дагы. Аны бүгүнкү эле эмес, эртеңки күндүн окурмандары да окуйт. Журналист Абдимухтар Абиловго берген маектеринин биринде Абдиламит Матисаков “күчтүү адамды ээрчиш керек. Күчтүүнүн таалим алоосу тез жетилтет.
Өзгөчөлүү тагдыр күтөт. Аваз туткан инсандын көргөнүн көрүп, окуганын окуп, айтканын жадысында кармаса, бат чыйралышына жакшы” деп айтканы бар. Биз, артынан ээрчип, баскан жолун, чыгармачылык өнөрүн үлгү кылган инилери да Абдиламит акадан көп нерсени үйрөндүк. Сөз тапканды, сөз бакканды үйрөттү бул киши бизге.
Адамзатынын улуу тарыхы сөз менен жазылып, жандүйнөнүн көмүскө сырлары сөз менен ачыларын сездирди. Эсимде, адегенде “Ленинчил жаштын”, кийин “Советтик Кыргызстандын” ар бир санын “Матисаковдун кандай жаңы чыгармасы жарык көрдү экен?” деген күтүү менен сатып алаар элек.
“Турмуштан тамган тамчыларды” издеп жүрүп окуганбыз, чөнтөктөрүбүзгө салып алып, гезит жыртылып калганча окуганбыз. Азыр да көчө-көйдөн жолуга калсак эле “эмне жазып атасыз? Бизди дагы кайсы чыгармаңыз менен сүйүнтөсүз?” деп сурайм.
Абдиламит ака бир аз ойлонуп турат да, анан “азыр саал азыраак жазып калдым. Окурманды кыйнабаш керек” дейт. Чынын айтсам, бул сөздүн артында канчалык терең маани жатканын мен кийинчерээк гана түшүндүм.
Бул “окурманга он жолу, балким жүз жолу отко салынып, кири, чаңы тазаланган нукура алтынды гана бериш керек, жакшы жазуучунун жаман чыгарма жазганга акысы жок” деген сөз экен.
Окурмандын табитине, күтүүсүнө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылуу – чыныгы сүрөткер Абдиламит Матисаковго мүнөздүү принцип экен.
Бир жолу Габриэль Маркестен мексикалык жазуучу Хуан Рульфонун чыгармачылыгы тууралуу сурашканда “Нобель” сыйлыгынын лауреаты “эгер менин да “Педро Парамодой” романым болгондо, эчтеке жазбай эле коймокмун” деген экен.
Анын сыңарындай, эгер “Атаңды көргөн өлбөсүн”, “Тандыр”, “Далдалчы”, “Палван”, “Баткан күндү аяймын” өңдүү аңгемелерим болгондо, мен да эчтеке жазбай эле коймокмун...
Паксачыдай мээнеткеч агам мына быйыл алтымыш беш жаштын жазын тосмокчу. Алла Таалам өмүрүңүзгө береке берип, жүзгө чыгыңыз, Абдиламит ака!
Сиз жараткан көркөм дөөлөттөр улам бир жаңы мезгилдин чен өлчөмүнөн, жаңы көздөрдүн сыноосунан чаалыкпай өтүп, сиз салып койгон “Ак коргон” кайталангыс таланттын, түбөлүктүүлүктүн символу катары кылымдар бою урабай тура берерине ишенем.
Булак: Азия News гезити