www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Курск облусуна барып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан кийин региондун жашоочуларына жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолукканын РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бул — өлкө башчынын облустун Украина армиясынан бошотулгандан берки аймакка жасаган биринчи сапары.

Путиндин сөзүнүн негизги учурлары:

Украина Куралдуу күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун эстеликтерин жок кылып жатышат, мындай жосундар алардын неонацизм идеясына сугарылганын тастыктайт;

алар акмактардын сынагында да экинчи орунду алышмак. Себеп? Анткени алар — жеткен акмактар. Мындай жоругу менен насили кандай экенин көрсөтүп жатышат;

душман Россиянын чек арасын көздөй жылуусун токтото элек.

Президент менен жолугууга Элдик фронттун, Курск облусунун ыктыярчылар уюмунун, Куткаручуулардын бүткүл россиялык студенттик корпусу жана башка уюмдардын өкүлдөрү келген.

Өткөн жылдын 6-августунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Курск облусу быйыл 26-апрелде биротоло бошотулган.

 

Последние новости