www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрь күн социалдык түйүндөрдүн биринде "Биздин милицияга анын ичинде Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү Урматка чоң салам жолдойм" деген 
темадагы фотоматериал жарыяланган. Милицияга М.М аттуу жаран кайрылып, 7-октябрь күнү «Фловер Лаб» дүкөнүнүн жанында 16:00 чамасында белгисиз жаран 33 500 (отуз үч миң беш жүз) сомун майдалап берем деп алып, из жашырып белгисиз тарапка кеткенин айткан.

Аталган факт Биринчи май РИИБине катталып, Тергөө кызматы тарабынан  Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" менен кылмыш иши  козголгон.

Биринчи май РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрүнүн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Х.Р аттуу 1967-жылы туулган жаран кармалган. Ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө деп билдирет Бишкек ШИББнын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости