www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын атасы бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотундагы кезектеги жараянда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну көздөп жатканын билдирди.
Ал сот ишти "адилет карабай жатат" деп эсептейт. Буга байланыштуу ал президент менен жолугушууга жетишүү үчүн аракеттене турганын айтты.
Бүгүнкү сотто үч күбө суралып, кийинки териштирүү 30-октябрга белгиленди.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын өлүмүн иликтөөнү катуу көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган. Бирок кандуу окуяда кызынан айрылган Турдаалы Кожоналиев министр менен жолугушуу болбогонун айтып келген.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Бурулайдын атасын жолугушууга чакырып, бирок ал баш тартып, келбей койгонун билдирген. Кожоналиев министрдин жолугушууга чакырганы жалган экенин айткан.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган.
Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук соту сентябрдан тартып карай баштаган.
Булак: NazarNews.kg