www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сени жек көрөм...

Сени жек көрөм, таң калып атасыңбы? 

Таң калбай артка кылчайып көзүңдү карап жалдырап жүргөн мени эсте. Эстедиң да ээ, эмнени көрдүң? Керсейип каада күтүп турган ары жок өзүңдүбү? 

Анан күндөрдүн бир күнүндө баары бүттү деп басып кеткен мени көрдүңбү? "Көзүмдү карап турчу эле, не болгонун түшүнбөй калдым, алыстап кетти"-деп ар кимге айткан өзүңдү чоңураак көзүңдү ачып карачы макулбу? ....
Билип турасың баарын...

Тим эле эч нерсе болбогондой артымдан чуркап келип кандай экенимди сурайсың да. Бетимден өбүүгө умтулуп баратып муздак кебетемди көрүп чоочуп кеттиң...

Дайыма эле ысык мамиле кылууга татыктуу болуш керек биринчи...

Мен сенсиз жашай алам, сопсонун жашай алам. Сен менин жашоомдо өлгөн адамдардын бирисиң...бар экенин жок экенин мени ойлондурбайт...

Ишенип кой, мен сени жек көрөм!..

Баяна Кулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости