www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов өтө маанилүү маселе көтөрүптүр. Муну коомчулук, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кайдыгер эмес ар бир жүргүнчү эске алышы абзел!
Жакында, эң кымбат унаалар менен жүргүнчү ташып реклама кылган "Яндекс" деген такси пайда болгон. Ал, кыска убакытта элдин көңүлүн буруп, кардар топтоп алды. Кызмат көрсөтүүдө интернет аркылуу атайын ыкма менен заказ алат. Ошол такси кызматы ачылып жатканда, Кудрет Тайчабаров экөөбүз талкуулап калдык эле.
Аны айтуудан мурда бир окуяны эске салайын. "Яндекс" сыяктуу убагында "Пегасус" авиакомпаниясы кыргызстандык авиакомпанияларын жок кылуу арам оюу менен келген. Ал компания башка атаандаштарын жок кылуу үчүн эң арзан билет сатууга койгон. Ошко 900 сом, Москвага 4500 сом деп, эсиңиздерде болсо керек. Кийин, кардардын бары "Пегасуска" өттү дагы, кыргызстандыктар ээлик кылган авиакомпаниялар банкрот болуп жабылышты. Атаандаштарын жок кылгандан кийин билеттин баасын көтөрүп салды.
Чет өлкөлүк "ПЕГАСУС" компаниясы тапкан кирешесин өзүнүн өлкөсүнө алып кетти.
Эми, "Яндекс" такси кызматы да так ушундай ыкма менен элдин башын айлантып жатат. Буга өкмөт көңүл буруп, башын ооруткан дагы жок.
"Яндекс" такси кызматы онлайн түрүндө интернет аркылуу кызмат көрсөтөт. Аталган компанияга кирген таксилер терминал аркылуу ар бир түшкөн кирешесинин 5%ын төлөйт. Таксинин кыймылы интернет аркылуу көзөмөлдө. Бул албетте жакшы, бирок онлайн түрүндө отурган компания мамлекет казынасына салык төлөбөйт. Болжолдуу "Яндекс" такси фирмасы Кыргызстандан 1 000 000 сом чыгарып кетет. Айына, 30 000 000 сом.
Бул өкмөттүн шалакылыгы жана ар бирибизде маалыматтын жоктугу. Мамлекетти сүйүү - тырмактай дагы пайда алып келүү жетиштүү. Ар бир Кыргызстанын сүйгөн жүргүнчү - Кыргызстандын байлыгын сыртка ташып жаткан такси кызматы эмес, Кыргызстандык жаран ээлик кылган фирманы колдонушу шарт. Кыргызстандын аймагындагы катталган фирма мамлекетке салык төлөйт, андан сиз, мен жана биздин эл айлык, пенсия, жөлөк пул ж.б алабыз. Сиздин кызматтан чогулган тырмактай тыйын жол, мектеп, бала бакча курууга салым.
"Яндекс" бул Кыргызстандын аймагында кызмат көрсөтүүдөн четтетилиши керек.
Дайыр Орунбеков
Булак: NazarNews.kg