www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдын биринде берген акыркы маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабаганын айтты.
Коомчулукка белгилүү болгондой, Атамбаев өзүнүн адамын такка алып келип, кайра эле өзү башкара берген планы ишке ашпай калган. "Эң чоң жаңылышканым шайлоо болду" деп "абдан кейигени, өзүнө-өзү аң казганы" дешти бир топ саясий серепчилер.
Ким билет эгерде Бабанов келгенде мындан да жаман ахыбалда калмак белек...Сыягы Сооронбай келип Атамбаевди өз ордуна коюп койгондугу ичти жылытат.
Кантсе да Бабановго козголгон кылмыш иши жабылсын деген мурдагы президент Текебаевди да камаганына өкүнүп жаткандыгы билинип турду.
"Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
Эмнеси болсо дагы баары бүттү. Эл Сооронбай Жээнбековду шайлады. Калганы президенттин колунда. Сабырдуу жаныбыз дагы күтө турат.
Атамбаевге окшоп дагы Кыргызстанды карызга батырабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт...
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg