www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу боюнча маселе коомчулукта тынбай көтөрүлгөнү менен кулагы дүлөй чиновниктердин угар түрү жок. Өлкөнү сыйлабаган жегичтерге мыйзам алкагында катаал шарттарды киргизбесс болбой калды. Анткени, сатып алуулар боюнча өкмөттүк сайтка башбаксаң төбө чачың тик турат. Бирөөсүн эле мисалга тартсак, «Кыргызтелекомдун» Чүй облусундагы филиалы 5 миллион сомго чукул каражатка, тактап айтканда 4 миллион 682 миң сомго күйүүчү майга тендер жарыялаптыр.

Мынча майды булар эмне кылат, жутабы!? Бул сумманы жети облуска көбөйтсөк, 32 миллион 776 миң болот экен. Телекомдун борбордук аппараты короткон майды кошкондо каражаттын көлөмү дагы көбөйөт. Бул мамлекеттик каражатты адалдоонун оңой ыкмасы, жемкорлуктун мыйзамдуу формасы экенин барыбыз билебиз, ага өкмөт качан тыюу салат? Элдин казанын какшыткандарды качанга чейин калкалайбыз, ыя!

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости