www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Далай кыргызды азапка салып, кулагын кескен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан тергелип жатышы коомчулуктун алкоосуна арзууда. Кыңыр иш кырк өтсө да казылып, күнөөкөрлөр өз жазасын алсын деген талап жаңырып жаткан чагы. Анткени, мамлекетте мыйзамдуулук орноп, тартип өкүм сүрмөйүн өнүгүү болбойт. Буга чейинки тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалган эле, ушул жумада мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева суракка чакырылып, андан кийин темир торго киргизилди.

Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ошол кездеги төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да абакка алынды. Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча эми кезек үлкөндөргө жетти дешүүдө. Сөздөргө караганда Ш.Атаханов баласы менен, З.Рысалиев, Т.Акун ж.б. торго түшүшү мүмкүн.

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости