www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыккан.

Жашоочулардын берген маалыматында, пикир келишпестиктин себеби болгон көрүстөн чек арада жайгашкан. Буга чейин кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөгө тажик чекарачылары кирип келип, кыргыздарды жолотпой койгон.  Алар жаан-чачын болгон учурда мүрзөнүн атайын жабдыктар коюла турган бастырмасына да ээлеп, пайдаланып башташкан.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев эки тараптын чек арачылары жана жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсүнөн кийин тажикстандык жоокерлер көрүстөндөн чыгып кеткени менен  жергиликтүү тургундар 21-майда дагы чогулуп, маселени биротоло чечип алууну сунуштап жатышат.

Буга чейин да мындай чыр болуп келген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости