www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын 18-майда расмий билдирди. Иманкадыр Рысалиевдин мындай кадамга «КТМобайл» компаниясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу барган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын 17-майдагы жыйынында «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, «үй бүлөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан болчу.
Бул боюнча Иманкадыр Рысалиев ошол эле күнү Жаманкуловдун айткандарынын баары жалган экендигин айтып чыккан болчу.
Булак: "Мантыш"