www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды.

Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Улуу Даражалуу Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катыша турган ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости