www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


20-майга караган түнү Бишкектеги "Ош" базарына жакын жерден бир жигит бычакталганын окурман билдирди. Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков мындай факты болгонун ырастады. Бул тууралуу "Мантыш" гезити жазып чыкты.

"Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталган. Окуя 20-майда саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келген", - деди Жумаков.

Жигитти бычактаган деген шек менен 29 жаштагы киши кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилген. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости