www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даир Кенекеев "Учкун" акционердик коомуна директор болуп дайындалды. Учурда Даир Кенекеев 44 жашта. Буга чейин вице-премьер-министр, Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеген. Кенекеев Мүлк фондусуна Өмүрбек Бабановдун колдоосу менен жетекчи болгон.

Кийин Чыныбай Турсунбеков менчиктештирип алды деген Бишкектин чок ортосундагы Арак заводуна байланышкан чырда «300 миң доллар пара» тууралуу парламентте териштирүү жүрүп, кызматтан кеткен. Андан кийин КСДПга жармашып Талас облусуна губернатор болду. Таласты башкарып турганда, президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан Таластын айрым тургундарына «Манастан» үзүндү окуп бермей болгон окуясы менен ошол кездеги президент Атамбаевге жагып, вице-премьер-министр болуп көтөрүлгөн.

Бул кызматтан Сапар Исаковдун өкмөтү менен кошо отставкага кеткен. Эми минтип «Учкунга» жетекчи болуп келди. Бул жактын таш-талканын чыгарабы, же өнүктүрүп буттан тургузабы аны мезгил таразалайт.

Негизи Кенекеев жарк эткен иши менен көрүнө элек...

Булак: "Ачык саясат"

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости