www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чырдын башы кен чыккан жерде

Өткөндө бир кызыктай кептерди чубаган “каарманга” туш болдук. Эмне үчүн Алай тараптан, Торугарт жактан байлар көп чыгат? Анткени эзелтен бери чек арадан кытайларга жол көрсөтүп, көмөк берип, керектүү товарларын оокатына айырбаштап алып, эпчилдик менен жашоосун оңдоп алгандардын бала-чакалары эмдигиче аттан түшпөй келатканы жалганбы?

Соода-сатык кылгандардын уулдары, зайыптары да ошол кесипти улап, башкалардан байгерчиликте жашап жатканын көрүп турбайлыбы? Дале болсо базарларды кабаттап куруп, кытайдан ит бекерге келген кийим-кечелерин, эмеректерин, чарбалык товарларын он эсе кымбат сатып беттери майланышып жүрүшпөйбү.

Негизи кен чыккан аймактадын чыр-пыры көп болот экен. Ошол эле “Кумтөр”,”Жерүй”,”Иштамберди”, “Макмал”,”Бозумчак”, “Шамбетсай” деген кен чыккан жерлерде түшүнбөстүктөр пайда болуп жатканы бекерден эмес. Каймагын калпып жегендердин эч убакта чери жазылбайт тура. Жеген сайын дагы болсо деп сугун артып турганы жакшы эместигин неге айтууга акыбыз жок?

Керек болсо түндөп кызылдай алтынды чек арадан өткөрүп жүргөн шылуундар жок эмес, бар. Жыргалды ошолор эле көрүп жатат. Аттиң, ошолордун мурдуна чүлүк салчу күч түзүмүнүн мыкчыгерлери аларга кошулуп алып мойсоп жатышпайбы? Капыстан колго түшсө деле эки саатка жетпей чыгарып алышат. Култ эттирип жиберчү “керемети” колдо турган соң кор болмок кайда? Ошол көзөл ким экенин Алайдагы бешиктеги балдардан бери билет. Алардын салааларынан алтын куюлуп турса ким келтек көтөрсүн? Ал келтек өзүнүн башына тиерин деле жакшы билишет эй!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости