www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи эле шайлоо алдында элдин адамы болуп көрүнүп, эл менен тыгыз байланышкан адамдын образын жараткан мыкты чебер актёрлордой эле өз ролун мыкты аткарган саясатчылар козу карындай эле жайнай башташат эмеспи. Алардын бири “жомоктогу чык таттырбас Чынарбайдай сараң, акча дегенде жантыгынан жата калган” деп азыр далайлар айтып калган Өмүрбек Бабанов болсо “мен сүттөй акмын” деп келет. Бирок, тээ илгертен бизнестин битин сыгып, канын жалап калган Бабанов бакыйган банктын кожоюну кантип болуп калгандыгын көпчүлүк биле бербейт.

Саясатта оомал төкмөл учур болуп турганда Бабановдун айласы алтымыш эшекке жүк болуп камырдан кылды сууруп чыккандай эле билинбей кетээри бышык. Маселен, азыркы “АКБ Кыргызстан” банкынын кожоюну экендигин көпчүлүк деле биле бербейт. Бабановдун аталган банкка кантип кожоюн болуп отуруп калгандыгы тууралуу экс-депутат, дал ушул банктын мурунку кожоюну Шарипа Садыбакасова бир канча жыл мурун Бабановдун баскынчылыгын ачык айтканы менен, негедир көпчүлүктө бул рейдерлик көңүл сыртында калып калган. Эгер Садыбакасованын айткандарына таяна турган болсок Бабанов Бакиевдердин тушунда Максим менен ымалашып, дал ушул банктын кожоюну болуп калгандыгы таамай көрсөтүлөт. Тактап айтканда: “Кыргызстан Банкынын” 30 филиалын жана сбер-кассалары менен 74 ар кандай багыттагы структур аларын жана 550 миллион сомду жакшынакай иштеп жаткан банк Бабановдун колуна өткөрүп берген . 2008-жылы банктын активдери 2 миллиард 124 миллион 540 миң сомду түзүп, анын ичинен 471 миллион 477 миц сом накталай акчалар Улуттук банктагы «АКБ Кыргызстандын» эсебинде турган. Кыргызстан банктын 6 айдагы кирешеси 35 миллион сомду түзүп, Улуттук банк талап кылган экономикалык нормативдердин баары так жана туура аткарылган. Ал тургай дал ушундай болгондугун ошол учурдагы Улуттук банктын төрайымы, Бабановдун командасындагы Бактыгүл Жээнбаева кол коюп, өткөрүп алган.

Андан тышкары 80 миллион сомду чамалаган региондордогу банкка тиешелүү имараттар дагы кошо өтүп, «АКБ Кыргызстан» мамлекеттин кепилдиги жок ЕБРР жана GFW (немец банкы) менен келишим түзүп ишкерлерге 11 пайыздан насыя берип турган иш жокко чыгарылат. Улуттук төлөмдүүлүк системасын чыңдоо боюнча «Элкарт» менен иштөөгө далай мекемелерди топтоп, банкоматтарды орнотуп, айтор, бул иш боюнча лидер болуп турган банк, капысынан эле Бабановдун айтуусу боюнча иши солгундап, ити чөп жебей калганда сатып алган имиш. Иштелбей, иши солгундаган банкта ушундай акча, мүлк болобу? Иштебеген банкта жогорудагыдай эл аралык система орнотулабы?

Көрсө  Бабанов Максим Бакиевди айланчыктап отуруп, «банктагы акциялардын баарын Бабановго саткыла» деп ачык эле айттырган экен. Ошондон тарта Шарипа Садыбакасовага Максимдин досу Елисеев тынбай келип, акыры Бабановго сатууга аргасыз кылган.

Мына ушундай рейдерлик жол менен байыган Бабанов уялбай эле акыйкат, боорукерлик, жоомарттык жөнүндө сүйлөгөндө жакаңды кармайт экенсиң. Эми өткөн өтүптүр, мейли дейин десек, кечээ жакында 17 миллион АКШ долларын мамлекеттен 4пайыз% (эц арзан пайызда) насыя алып өзүнүн «АКБ Кыргызстан” банкы аркылуу кайра калкка 20 пайыз үстөгү менен кредит таркатып жатканы айтышып жатат.

А Жогорку Кеңештин трибунасында “7 пайыздан насыя бериши-биз керек элге” деп, кудум өз чөнтөгүнөн берчиден бетер төш каккылаган  Бабанов неге өзүнүн  банкы аркылуу ошондой ишти баштабайт. Бабановдун бул бакырганы жөн гана популизм . Башка сөз жок. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” болуп, парламент аянтчасын пайдаланып, элге күйүмүш болгон Бабановдун анык жүзү ушулбу? Непада, президент болуп калса дүйнөлүк ири банктардан арзан баада насыя алып, Кыргыз мамлекетине кайра үстөгү менен бергенден кайра тартпайт го?

Ардакбек КАНЫБЕКОВ

Булак: "АЙГАЙ пресс"  

Последние новости