www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сасык"

Данияр Тербишалиев деген популист бар. Убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аркасында, колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. Кабинетинин оозуна "Биз эл үчүн иштейбиз" деп жазып алып, шылдың болгон. Ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибеков бир жыйында "абайлап жүр бала популисттенбей" дегенди айтып зекип, бозала кылган. Тербишалиевдин чама-чаркы чектелүү экенин ошондо эле күбө болгон.

Кийинки 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясына кирип Бабановдун этегин кармады. Президенттик шайлоодо Жээнбековду жамандап, Бабановдун чачпагын көтөрүп жүрдү. Анан шайлоо буткөндөн кийин Бабановду жамандап, президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун колтугунан орун алып, "Атамбаевсиз КСДП" деген ураанды жамынып партия ичине бүлүк салып "сасытып" жатат. КСДПга тиешеси болсо бир жөн. Такыр эле партияга кайнаса каны кошулбай, "Республиканы" иритип келип алып, Асылбек Жээнбековдун айдактоосу менен КСДПны жойлоп жүргөнү акыл-эстүү адам кылчу иш эмес.

Булак: "Ачык саясат"
 

< Предыдущий

Последние новости