www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зилалиев 2 айга камалды

Дүйшөнбек Зилалиев 7-декабрда "Манас" аэропортунан качып бараткан жеринен кармалды. Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-статьясы 1-бөлүмү («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камалды. Ага карата кылмыш иши Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турган учурдагы ичип-жегенге шек-телип жатат. Укук коргоо органдары Зилалиевдин үйүн тинтүүгө алганда 3 миллиондон ашык сом, жүз миңден ашык доллар накталай акча табылган. Ошондой эле, банктагы эсебинен бир миллионго жакын доллар алынган. Буга чейин 45 жаштагы Дүйшөнбек мырзага президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу айтканы үчүн, Кылмыш-жаза кодексинин 228-статьясы («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту үч жылга шарттуу соттогон.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости