www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сиеменс" ким? "ТВЕА" ким?

Кытайдын “ТВЕА” компаниясы Бишкек ЖЭБин модернизациялады. Модернизациялоого 386 млн. доллар насыя жумшалып, 300МВт кубаттуулук кошулду деп кабарланган. Кытай насыясын 480 млн. доллар кылып төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Демек, иш жүзүндө Бишкек ЖЭБине 300 МВт кубаттуулукту кошуу 480 млн. долларга турду.

Германиянын атактуу “Сиеменс” компаниясы Татарстанда электрстанция куруу боюнча контрактыга 2-октябрда кол коюптур. 250МВт кубаттуулуктагы электрстанциясын курууга немис компаниясы 290 млн.евро жумшайт экен.

Технология жагынан анык дүйнөлүк лидер болгон “Сиеменс” бул электрстанция үчүн генератору менен SGT5-2000E газ турбинасын жана генератору менен SST-600 буу турбинасын жасап чыгарат. Курулуш 2023-жылы аяктап, обьект пайдаланууга берилет.

Бул жерде эми насыя да жок, жаңжал да жок, коррупция да болбойт. Немис компаниясы өзү курат. Пайдаланууга берет. Акчасын алып кете берет.

Ушундай масала... Салыштырып көрө бериңиз.

Айданбек Акматалиев, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости