www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жалал-Абад сууканал” башкармалыгында 2019-жылдагы эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 80 миң сом акча каражаты максатсыз пайдалангандыгы аныкталган. Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакировдо 2009-жылдан тарта Орусия менен Кыргызстандын кош жарандуулугу бар. Мындай пикирди жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясында депутат Шаирбек Ташиев билдирди.
“Жалал-Абад суу канал” башкармалыгынын жетекчиси Төлөнбек Бакиров мындан 10 жыл мурун Орусия жарандыгын алгандыгын ырастап, бирок мамлекеттик кызматка келер алдында кайрадан тапшырганын билдирди. Бирок, бул жооп айрым эл өкүлдөрүн ынандырган жок. Маселени көтөргөн Шаирбек Ташиев жетекчиге ишенбөөчүлүк көрсөтүү максатында депутаттардын добушуна салууну сурады.
Бул боюнча айрым массалык маалымат каражаттарында эки жолу колго салынгандыгы айтылууда. Бирок добуш берүү жыйынтыкталбай жатып, дагы бир эл өкүлүнүн сунушу менен кыска мөөнөттүк танапис жарыяланган. Төлөнбек Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушу танапистен соң каралып, 21 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты.
Өткөрүлгөн сессиянын жыйынтыгы менен жергиликтүү кеңештин атайын токтому кабыл алынды. Токтом Жалал-Абад шаардык мэриясынын расмий сайтына бүгүн жайгаштырылды.
Булак: NazarNews.kg