www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата кичи-футбол боюнча Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосундагы финалдык оюндар орун алды. Областтагы милиция бөлүмдөрүнүн жалпы 18 командасы бул кубок үчүн күч сынашкан. Көк майсаң үстүндөгү беттештер, жайгашкан аймагына жараша 6 тайпага бөлүнүп, жер-жерлерде түзүлгөн график боюнча оюндар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогуна арналган кичи-футболдун жарым чейректик жана финалдык беттештери 2-октябрда өткөрүлдү. Алгач өздүк курамдын жана спортчулардын катышуусунда спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлүп, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерди эскерип куран түшүрүлдү.
Аймактарда болуп өткөн тайпалык оюндарда активдүүлүгүн көргөзүшүп, жарым чейректик оюнга катышкан 6 команданын ортосундагы беттештер кызуу жүрүп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Өтмө кубокко арналган мелдештин финалдык бөлүгүндө Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппаратынын курама командасы менен милициянын Кайгуул Күзөт Кызматынын Өзүнчө Ротасынын курама командалары кез келди. Финалдык беттеш көрүүчүлөрдүн сүрөөнү менен коштолуп, ар бир команданын намысын коргогон кызматкерлер жеңиш үчүн аракеттерин көрүштү. Жалпы 2 бөлүктүн жыйынтыгында милициянын КККнын өзүнчө Ротасынын командасы мыктылыгын көргөзүп, 1-орунду багындырышты. Ал эми 3-орунду Ноокен РИИБи жеңип алса, 4-орунга тез чара көрүү отряды (СОБР) татыды.
Булак: NazarNews.kg