www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Ширин Айтматова УКМКга -  суракка барды. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактарына таянып АКИpress басылмасы бүгүн, 4-декабрда, саат 15:26да сүрөтү менен бирге жарыялады.

Айтматова буга чейин "УКМКнын тергөөчүлөрү тырмагыма ийне сабайстыр..." деп соцтармактагы баракчасына жазган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкулов аталган мекеменин кызматкерлерине сурак берип чыгышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу жана Саймаитинин иши боюнча президенттин ант берүү аземин уюштурууга жооптуу - президенттин мурунку аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, о.э. президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын учурдагы жетекчиси Турдиназир Бекбоев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Ширин Айтматова, аталган иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылганын УКМКга суракка чакырылганын 2-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат тараткан.

Кыргызстандын бажы тармагындагы контрабанда жана коррупция тууралуу журналисттик иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Иликтөөдө Саймаитини Кыргызстанда белгисиз адамдар бир нече ирет коркуткандыктан ал Түркияга чыгып кетүүгө аргасыз болгону да айтылат. Кийин, ушул жылдын 10-ноябрында аны ал жактан атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости