www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гапар Айтиев атындагы сүрөт жана искусство музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева жакын арада бийлик чара колдонобосо Кыргызстанды эмне күтүп  тургандыгы жөнүндө пикирин билдирди. 

“Коркунучтуу, себеби бүлүндүрүлдү. Мындан ары саясий эркиндик болбойт, саясатчы катары айтып жатам. Мен жумуштан бошодум ошондуктан эми сүйлөсөм болот. Мен мурда мамлекеттик кызматта иштегендиктен үн чыгарбай, баарын мактап келгенмин. А бүгүн мен мынтип айтам:”  Биздин ырыбыз бүттү. Тынч жашоо да бүттү. Эми чоң көйгөйлөр жаралат.  Эгер бүгүн биз унчукпай отура берсек, коргобосок, анда эртең 12-13 жаштагы кыздарыбызды кармап алышып, ачык көйнөк кийип жүрүшкөндүгү үчүн сабашат. Буттары ачык болгону үчүн буттарына урушат, атышат, зомбулук көрсөтүшөт жана жаш балдар өлтүрүлөт. Буга эч ким көңүл бөлбөйт. Ошолор парламентке да келишет. Башкача чечимдерди кабыл алышып, алар каалагандай мыйзам менен жашашат.

Эске сала кетсек, Мира Жангарачева Музейдин директорлук кызматынан өз ыктыяры менен бошотулган. Жумуштан кетишине феминале көргөзмөсү себеп болгон. Анын айтымында, мындай кадамга барганынын себеби, музейдин кызматкерлеринин  жана заманбап искусство 1-феминаленин уюштуручуларынын коопсуздугун сактоо аракети деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости