www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүмчүл, ач көз жана интриган адамдардын арабызда калкып жүргөнү канырыкты түтөтөт. Андайлар коомду иритип, аңдан ары түртөөрү турган иш. Айталы, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловго жумгалдыктар нааразы болуп өткөн жумада маалымат жыйын өткөрүштү. Көрсө бул эргул фракцияга лидер болгонуна делөөрүп кызарган жерлерге өз кадрын дайындоого болгон аракетин жумшап атыптыр.
Ал нааразычылык боюнча «ак» же «көк» деген жообун айтып койгонго жараган жок. Унчукпаган, демек, макул болгонубу? Албетте, макул, себеби ошол жумгалдыктардын айтканы бүт далилдер менен экен. Бул мырзанын кайсы бир кылыктарын санап бүтмөк элек.
Бир учурда «Востокэлектр»тармагына диплому жок классташын койгону узун сабак кеп болгону эле Турускуловдун баарын уруп ойнобостугу, бир гана өзүнө жакын адамдарга ыкташынан кабар берип атпайбы.
Бир учурда Өмүрбек Бабановдун этегине намаз окуп жүргөн Турускулов Бабановдун өлкөдө жоктугун пайдаланып, интрига менен фракцияга лидер болгонун танбаса керек. Саткынчылыктын саркындысы болгон эң жаман адат эмеспи. Бул боюнча айтыла, жазыла турган сөздөр алдыда...
Нургазы Айтмырзаев
Булак: Де-факто