www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын чок ортосунда эсил союз кезиндеги калаанын бирден бир көркү, сыймыгы болгон эки кабаттуу "Ак-Буура" ресторанына көзү түшүп (өзу ушул Оштук эмеспи) түбүнөн прихватташтырып, алеки саатта түбү менен көтөрө чаап, бузуп салганы бир жөн. Тарыхый жайларды сактоо дегенге бүгүн кыргыздын гана эмес татардын да башы жетпей калгандай.
Балким АЛИ МАСынын түбөлүк хандыгы мастыгынан соолуктурбагандыр... Бир сөз менен Раиса райис чай демдөөчү заманбап чайкана куруп кирди. Собол туулат: тияктан какшап "АЛИ МАСтын жана Раистин мүлктөрүн камакка алдык" деп айтып келишет. Биякта болсо курулуш күнү-түнү үч эселенген күч менен жүрүп жатат. Демек, Раиса Кой-Ташта жатып алып, чоң прораб болгондой... Кимисине ишеништи деле билбей калдык. Балким бул чайкананы коңшусуна, балким коңшусунун дагы бир коңшусуна каттатып жүрбөсүн. Мүмкүн. Бирок, курулушка барып жолуккан эле устадан сурап көрчү кыйын болсоң. Баары бир ооздон "Раистики" дешет.
Демек дале болсо "эки жүздүүлүк" камырабай алдап коюп отуруп, билгенин жасап жатат. Эгерде андай эмес болсо, тетирисин далилдеп бере алабы бийлик дегениң, - деп "КабарИнфо" гезити өз пикирин коомчулукка жарялаган.
Булак: NazarNews.kg