www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында окутуу көргөзмө өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубатбек Нурбаев билдирди.
Анын айтымында, иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет. Анда атайын тармактын кызматкерлери менен коомчулук ортосундагы байланыштарды жандантып, түрдүү кырсыктардын алдын алуу жана ага каршы натыйжалуу чараларды көрүү боюнча катышуучуларга маалыматтар берилет. ш-чара областтык Барпы театрынын алдындагы аянтта өтүп, калаадагы мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.
-Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча атайын буйрук кабыл алынган. Аны шаар аймагында жеткиликтүүлүгүн ишке ашыруу жана жарыяланган бир айлыктын алкагында жашоочулардын маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат. Аны областтык жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Улуттук Кызыл-Ай коомунун областтагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурду, - дейт К. Нурбаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери өрт өчүрүүчү жана куткаруу автоунааларды, өрт-техникалык шаймандарды көрсөтүү менен алардын иштетүү тартиптери менен тааныштырышты.
Булак: NazarNews.kg