www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гезитибиздин өткөн сандарында «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчиси Рашид Бостоновдун ишмердүүлүгү боюнча материалдар жарыкка чыгып, бир нече суроолор коюлган эле. Ишкананын жамааты кайрылып, материалдар чындыкка дал келбей турганын билдиришти. «Ак ийилет бирок сынбайт» демекчи, эки тараптуу баарлашунун натыйжасында экинчи тарапта жүйөлүү аргументтер бар экенине ынандык. «Жаңылбас жаак болбойт» демекчи, Рашид мырзадан «ак чөп баш сурайбыз». Мындан, улам журналисттик талапка ылайык, экинчи тараптын пикирине орун бердик.
--Урматтуу «Мантыш» газетасынын редакциясы. «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчиси Рашит Бостонов боюнча чындыкка дал келбеген материалдарыңыздар биздин жамаатты абдан тынчсыздандырууда. Анткени, Рашит Бостонов келгенден бери ишкана буга чейин болуп көрбөгөндөй өнүктү. Аны жөнөкөй сөз менен эмес, статистикалык мааламыттар менен далилдеп бере алабыз. Анда азыр бир чекесин сиздерге айта кетелик.
2017-жылы «Кыргызнефтегазда» өндүрүлгөн мазут эч жакка өтпөй, «Кыргызпетролиумдун» иши токтоп калган. Мазут толгон резервуарлар (идиштер) бошобой калгандыктан күн сайын 109 тонна нефти өндүргөн «Исбаскент», «Чаңгыр-Таш», «Карагач» деген 195 кудук (скважина) да токтогон. 11-майда Рашит Бостонов келери менен ушул маселеге көңүл буруп, жолун таап, көйгөйдү чечти. Бир айга жетпей, 9-июндан тартып скважинанын баары ишке кирип, 195 кудук иштеп баштады, бул бир.
Экинчиси, мамлекетке болгон төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча пландарды ашыгы менен аткарып келе жатабыз. 2018-жылда 10 айдын жыйынтыгы менен баланстык киреше 156 пайызга аткарылды, план 339 610 700 сом болсо факт 531 982 800 сомду түздү.
Үчүнчүсү, салык - 147,2 пайызга аткарылды, план 322 700 000 сом болсо факт 474 940 000 сомду түздү. Социалдык фондко болгон төлөмдөр дагы 100 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүчтөрдүн баардыгына жумушчулардын талыкпаган эмгегинин, адистердин кесипкөйлүгүнүн, коллективдин биримдүүлүгүнүн жана ынтымактуулугунун аркасында жетишип жатабыз. Карапайым жумушчулардын жетекчилике болгон ишеними аябай чоң. Жетекчилик тарабынан жумушчулардын эмгек шарттарын оңдоого бардык социалдык маселелерди чечүүгө олуттуу көңүл бурулуп жатат. Жумушчулар айлык маяналарын белгиленген күндөн кеч калтырбастан өз убагында алып жатышат.
Төртүнчүсү, быйыл май-июнь айларында «Кыргызнефтегаздын» тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн күчүбүз менен 166 000 000 сомго 25 скважинада ГРП (гидроразрыв пласта) өткөрдүк. Жыйынтыгында ошол 25 (жыйырма беш) скважина күнүнө 12,5 тонна нефть берген болсо, ГРПдан кийин 80,0 тонна нефть бере баштады, же күнүнө 67,0 – 68,0 тонна нефть кошумча өндүрүп жатабыз.
Бешинчиси, кеткен каражат (166 000 000 сом) 1-ноябрга чейин толук жабылып, ноябрь айынан баштап таза кирешеге иштеп жатабыз. Нефть өндүрүү планы 11-айдын жыйынтыгы менен 113 626 тоннага жетип, планга караганда 24 256 тонна көп өндүрдүк. 2018-жылга алынган нефть өндүрүүнүн планын 1-ноябрга карата 100 000 тоннага аткарганга жетиштик.
Алтынчысы, бургулоо иштери дагы ийгиликтүү жүрүп жатат. 2017-жылы ушул мезгилге 4 800 п/м бургулоо болсо, быйыл ошол көрсөткүч 15 325 п/м жетип былтыркыдан 4 (төрт) эсе көп жумуш аткарылды. Жыл аягына чейин бургулоонун планын (17 800 п/м) дагы толугу менен аткарганга мүмкүнчүлүк бар. Табигый газ өндүрүү дагы өз нугунда жүрүп жатат.
Жетинчиси, биз Кочкор-Ата шаарынын элин, мекеме-ишканаларды, Майлы-Суу шаарын ошондой эле Жалал-Абад шаарынын коммуналдык үйлөрүнүн жашоочуларын газ менен камсыз кылып жатабыз. Буга кошумча быйыл Кочкор-Ата шаарынын тегерегиндеги айылдардын дагы (Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында) социалдык абалын жакшыртуу максатында бир канча көчөлөргө табигый газ түтүкчөлөрүн тартып, кошумча дагы 704 үй-бүлөнү газ менен камсыз кылганга жетиштик.
Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, азыркы мезгилде жетекчибиз Рашит Бостонов өндүрүш менен бирге уурулук менен коррупцияга каршы күрөш ачкан. Жакында эле Кочкор-Атадан Жалал-Абадка нефтини жөнөтүү үчүн курулган нефть куурларын тешип, ага кран улап уурулук жасап жүргөн топтун далил-буюмдары (шлангалар нефть куюга ылайыкташтырылган =2,0мᶾ идиштер автомашине хундай-портер) биздин жетекчиликтин аракетинин негизинде кармалып, ал жөнүндөгү толук материалдар Сузак РИИБне өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Андан кийин дагы Кочкор-Ата – Жалал-Абад линиясынын Кайырма участогунда уурулук фактысы аныкталып, ал иш дагы Жала-Абад ШИИБне өткөрүлүп берилди. Ал жерде иштеген жумушчулардын бардыгы статья менен жумуштан четтетилди.
Мына ушундай уурулукка шектелип же дагы бир башка жүйөлүү себептер менен бир канча адам буга чейин дагы жумуштан четтетилген. Азыркы күндө ошондой ниети бузук адамдар топтолуп, «Кыргызнефтегаздын» ийгиликтерин, жетишкендиктерин, ички ынтымагын көрө албаган каразгөй кишилерди катарына кошуп алышып, түрдүү провокацияларды уюштуруп, «Кыргызнефтегаз» жөнүндө ар кандай ушактарды, эч бир далили жок материалдарды прессага чыгарып жатышат. Өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун алдында «Кыргызнефтегаздын» аброюн түшүрүшүүдө. «Мантыш» ж.б. башка гезит-сайттарга чыккан материалдар дагы мына ушундай адамдардын «кыйды» аракетинен улам чыгып жатканы байкалууда. Биз бир тараптуу каралап жаткан маалымат каражаттарына алдын ала кайрылып, чагымчыл күчтөрдөн алыс болушун суранабыз.
«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишкана. Жалгыз жетекчиси аны кайсы бир компаниянын колуна кармата албайт. Ким менен иштешерин жалгыз өкмөт чечет. Ошондуктан Рашит Бостоновго коюлган суроолор туура эмес. Бул киши мыкты менеджерлигин көрсөтүп, ишкананын бир жарым жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй өстүрдү. Биз абдан ыраазыбыз. Биздин жамааттын пикирин элге жеткирип коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Мубара Муталипова, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын коомдук байланыштар боюнча менеджери
Булак: «Мантыш»