www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиев менен байланышып, президенттин пресс-конференциясында көтөрүлгөн маселелер тууралуу баарлаштык.
-Каныбек агай, президенттин журналисттердин суроолоруна берген жооптору ынанымдуу эле болдубу?
- Президенттин пресс-конференциясы жандуу өтүп жатканы менен өлкөнүн чыныгы көйгөйлүү маселелери боюнча маанилүү суроолор берилген жок! Бардык суроолор локалдык эле форматта болуп калды. Дифирамдар өтө эле көп айтылды. Бул кылыктар Президентке кереги жок эле. Өзү деле каймана билдирип жатпадыбы! Иш-чараны ачык өткөрүлдү деген гана отчеттук материалдар алынды.
-Президент басма сөз жыйынында эмнегедир Райымбек Матраимовго жан тарткандай таасир калтырды дегендер четтен чыга баштады. “Анын байлыгы текшерилет” дегенди кандай түшүндүңүз?
-Райымбек Матраимов жаңы Кыргызстан тарыхында өзгөчө бир феноменалдуу адам болду, го! Бул бүгүнкү коомубуздун символу катары сезилип турат. Эми түшүнүктүү болуп эле турбайбы. Бул жигит бийлик менен тил табышуу жагынан эч бир жан тең келе албаган уникум экендиги. Ошондуктан президенттин эми аны дагы текшертебиз дегени көп суроону кайра жаратты. Эмне, ага дагы жаңы иш козголду беле? Качан текшеришет? Ким текшерет жана эмне үчүн? Быйылбы, келерки жылыбы же 5 жылдан кийинби? Белгисиз! Убакыт азыр Матраимовдун пайдасына иштеп жатат.
Президент Райым Матраимов жөнүндө Чыгыш философиясынын чыныгы касиети болгон көп сырдуу түшүнүктөр менен эле жооп берип койду. Ал билдиргендей болду го, Матраимовдор КСДПга чын ыкласы менен кызмат кылып келишти дгендей кылып. Демек, анын салымы чоң жана бардыгы үчүн баалуу дегендей эле түшүндүм, мен!
-Кол тийбестик боюнча күтүлгөн эле жоопту бердиби же эл күтпөгөн жооп айттыбы?
- Ооба, күтүлгөн эле жооп болду. Анткени, бул мыйзам долбоору кандай кырдаалда, ким тарабынан жана кимдердин каалоосу менен демилгеленгенин билебиз да! Абсолюттук кол тийбестикти Конституцияга киргизип алып бүт дүйнөгө (Африканын кээ бир өлкөлөрүнөн башкаларына) шерменде болуп келгенбиз. Бирок, бул мыйзамдын айланасындагы аракеттер дагы айлакерлик менен жасала турган бюрократиянын жеми болот. Акырындап барып токтоп калат! Байкап туралы!
- Кытайдагы кыргыздар тууралуу суроого берген жообуна канааттандыңызбы?
- Президенттин бул жообу абдан так жана акылдуу болду. Там берип олтурам. Дипломатиянын баалуу жана чебер касиеттерин сактай билиш керектигин баса белгиледи. Менин оюмча, Кытай менен Кыргызстандын лидерлери эч кандай авантюралык жана чагымчылдык пикирлерге азгырылышпай акыл менен эле чечип коюшат, мындай өтө назик маселени!
-Ажо “КСДП Атамбаевсиз деген кыймылга эч кандай тиешем жок”-деген сөздү чы дилинен айттыбы?
- Жөнөкөй жаран үчүн КСДП Кудайдын эле ролун аткарып калган. Анткени, акыркы 8 жылда алар бийликтин бардык бутактарын мыкчып кармап, каалагандай бийлеп келишкен. Бүгүнкү КСДП партиясынын ичиндеги өтө терең кризиске өзүлөрү эле күнөлүү. Сырттан шылтоо издебей эле коюшсун! Эки лидердин бири-бирине күнөөнү оодарышы бери караганда эле элдин жана шайлоочуларынын алдындагы жоопкерсиздик деп билем!
-Сооронбай Шарипович президенттик мөөнөтүм бүтсө, депутат да болбосун айтты. Ишенсек болобу?
- Туура айтты. Конституциянын талабы ошондой. Аны эч ким буза албайт. Акыйкат жана таза иштесе эл төбөсүнө көтөрүп алат. Бул касиет кыргыз элинин кылымдарды карытып келе жаткан ак пейили болуп эсептелет.
Булак: NazarNews.kg