www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия ооган өкмөтү жана талибдердин ортосундагы 17 жылдан бери токтобой жаткан куралдуу жаңжалды токтотуу жөнүндө Ооганстан менен Пакистандын сүйлөшүүлөрүнө ортомчу боло алат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түрк президенти үч өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган жолугушуу Стамбулда март айында өтөрүн айтты.

- Кудай буюрса үч тараптуу саммитти Стамбулда 31-марттагы шайлоодон кийин өткөрөбүз. Ооганстан, Пакистан жана Түркия ортосундагы мындай жолугушуу көптөгөн проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт, - деди Эрдоган.

Имран Хан да бул саммит Ооганстанда көптөн күткөн тынчтыкты орнотууга жардам берерине ишенерин кошумчалады.

Стамбулда саммит өткөрүү демилгеси АКШ талибдер менен ооган өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүн жөнгө салуу аракетин көрүп жаткан чакта көтөрүлүп олтурат. АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзоз буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү талибдер менен үч жолу жолугушкан. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түзмө-түз жолугушууга каршы болуп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости