www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөтү менен селфиге түшкөн видеоклип жарыкка чыгып, коомчулукка жарыяланды.

“Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип, Өзбекстандагы “Божалар” тобунун ырчысы Жахонгир Позилжонов тарабынан иштелип чыккан. Клипти ырчы Жахонгир, алгач өзүнүн балдары менен селфи кылып:

- “Ассалому аллейкум достор. Урматтуу мекендештер! Бүгүн мен балдарым менен менин президентим менен селфи кыламын. Эгерде менин пикириме кошулсаңар, сиздер дагы президент менен селфи түшүп, хештег Менин Президентим деп Instagram баракчасына “отметка” кылсаңыздар болот. Интернеттен көрүшкөнчө!” – деп баштаган.

Аталган клип Ташкенттин баардык облустарында тартылып, президент Шавкат Мирзиёевдин чет өлкөдө жүргөн тасмалары колдонулган.

Атактуу ырчы Жахонгирдин ыры, 19-декабрда жергиликтүү “Зор” телекомпаниясынан берилип, YouTube’га 17-декабрда жүктөлүп 335 583 жолу көрүлгөн. Учурда аталган клип тууралуу Өзбекстанда кызуу талкуу жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости