www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 26-декабрында Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу экс премьер-министр Сапар Исаковго карата «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айып чыкты.

Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдиргендей, Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса же башка оор кесепеттерге алып келсе, мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат) менен айыпталып жатат.

«Айыптоо ачык эле дурус эмес. Анткени алар каражатты берүү боюнча кандайдыр бир тастыктоо табышкан жок. Жөн гана виртуалдуу эсептеп, россиялык каталогдон 2016-жылдагы эсепти алып, виртуалдуу индекс чыгарып, ал индексти бул индекске көбөйтүштү. Анан Бишкек ЖЭБди модернизациялоого канча кетиши керек болгон сумма чыкты. Бул суммадан (386 млн доллар) 111 млн доллар ашыкча болуп калды. Башкача айтканда жөн гана математикалык эсеп менен эсептешти. Анткени аларда материалдык далилдер жок», - деди Токтакунов.

Ал буга катар эле 2018-жылдын 31-декабрында С.Исаковго тарых музейди оңдоо боюнча айыптоо коюлгандыгын кошумчалады.

«Бул өзүнчө кылмыш иш. Бирок алар КРдин Кылмыш-жаза кодекси боюнча бир өндүрүшкө бириктириши керек. Бирок алар бул иштерди сотко өзүнчө жөнөтүүнү каалап жатышат. Бул туура эмес. Анткени тергөө учурунда иштери бир өндүрүшкө бириктирүү керек. Биз дагы айыптар тагыларын күтүп жатабыз», - деди ал.

Жактоочунун айтымында, Сапар Исаков УКМКга караштуу тергөө изоляторунда 2019-жылдын 13-февралына чейин камакка алынат.

Буга чейин 2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон болчу. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.
УКМКнын маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон», - деп айтылат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости