www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик департаментинин Россия Украина боюнча диалогдон баш тартты дегени калп сөз. Бул туурасында РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.

Мындан мурдараак мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер Москва "тынчтыкка келүү боюнча маңыздуу диалогдон" баш тартты деген сөз тараткан. Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча Россия менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн жар салган.

"Калпычылар! Өздөрү Зеленскийге 2022-жылы апрелде сүйлөшүүлөрдү токтотуу туурасында айтышып, 2022-жылдын сентябрында Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөргө тыюу салуу демилгесин көтөрүп, азыр сүйлөшө турган мезгил эмес экендигин айтышып, эми Россияны күнөөлөп жатышат", — деп жазган Захарова Telegram каналына.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости