www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай оюн укук коргоочу Рита Карасартова NazarNews.kg маалымат агенттигине Бишкек шаарында эки адамдын зөөкүрлөр тарабынан сабалганы боюнча пикирин билдирип жатып айтты:   

“Бийлик өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн бүгүнкү күнү акчалууларга жана чоң муштумдарга таянып жатканы ачыктан-ачык. Бир шайлоочуну сатып алса болот. А дагы бирөөсүн коркутуп койсо болот деп. Ошентип башкаруу ыкмасында дагы акчалуу менен чоң муштумдарга таянганы, жөнөкөй адамдарга көрсөткүч да. Элде да “мен чоң муштум болсом, көп маселем чечилет турбайбы” деген ой калыптанат. Эгер коомдун өзгөрүшүн кааласа, бийлик дагы саясатты өзгөртүшү керек”, -дейт өз сөзүндө Карасартова.

Ал эми Бишкектеги мекеме ишканалар коопсуздук үчүн массалык түрдө орнотуп жаткан видео көзөмөлдөрүн укук коргоо тармагы үчүн артыкчылык катары баалады. Айтымында, муну тиешелүү тармактар туура пайдалануусу керек. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү мындай видео фактылар коом алдында ачык тергелиши керек экендигин дагы белгилейт укук коргоочу.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости