www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстан 16-19-сентябрга чейин Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле спорттук оюндар менен кошо маданий иш-чаралар дагы өтмөкчү. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 5-сентябрда улуттук маданий борборунун кызматкерлери Таласка кетишти. Алар акыркы даярдык иштерин көрүшөт.

Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу. 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталса, 19-сентябрдан тарта маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Жалпысынан 4 күнгө созулган иш-чарада ар бир облус 7ден үй тигишет.

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчулөр базары жана башка кептөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р. Алканов атындагы ипподромдо өтөт. Кыргызстан көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын 5 ирээт катары менен өткөрдү. Ал эми IV дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Түркия өткөрүү эстафетасын колго алган. Бул иш-чара 2020-жылы өтүүсү пландалган, деп «Жаңы Ордо» өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости