www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минскиде эки кыргыз кызы көчөдө калды деген маалымат боюнча Айымкан Кулукеева буларга токтолду. Бишкек-Минск түз каттамы менен барып, РФге өтүш үчүн Беларус мыйзамы боюнча аба (самолет) менен гана өтө алат. Унаа, поезд менен өтө албайт. Ал эми Минсктен РФге учуш үчүн сөзсүз Основаниеси болушу керек.
Урматтуу мекендештер, башка өлкөгө учаарда, ошол өлкөгө кирүү эрежелери менен таанышып, документтерин тууралап, анан билет алыш керек. Россия өз өлкөсүнө "Основание" деген балакет менен киргизээрин билесиңер. Беларустун эрежеси боюнча үчүнчү өлкөдөн (Россияны кошпогондо) келген жарандар Россияга транзит менен өтүш үчүн аба мейкиндиги гана аркылуу өтө алат, жер аркылуу (поезд, машина) менен Россияга өтүүгө болбойт.
Демек, кыздар Минск аркылуу Россияга самолет менен гана өтө алышмак. Экинчиден, Россияга кириш үчүн Основаниеси жарандын колунда болушу керек. Кыздарда основаниеси да жок экен. Кыздар бул эрежелерди билбей келип алышкан. Самолетко албай койсо, анан барып поездке билет алып алышкан экен. Ал жактан да өткөрбөй койгондо, акыры, бул маселе боюнча элчиликке келип, консул менен сүйлөшүптүр, консул бардык эрежелерди түшүндүрүп берип, акчабыз жок көчөдө калдык дегенде, өзү машинеге салып барып, хостел таап берип, хостелдин акчасын консул өз чөнтөгүнөн төлөп жаткырыптыр.
Россияга кирүү үчүн Основание керектиги, эгер основание жок болсо, кайра артка кетиш керектигин түшүндүрүп бериптир. Толук маалымат болбой туруп, Элчиликтин публикага жамандаганга шашпасаңар.
Булак: NazarNews.kg