www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Рыскелди мырза, кечээ жакындагы Токмоктогу атышууда кесиптешиңиздин аты аталып жатат. Депутаттардын ушундай иштерге аралашуусу парламенттин аброюна таасир этеби?
- Негизи, кандай гана маалымат болбосун, ал ыкчам ачыкка чыгыш керек болчу. Токмоктогу окуя чыккандан бери бир нече күн өттү. Ал эми ага катыштыгы бар делип, депутаттын аты 2-3 күндөн бери аталып жатат. Эгер ал жигиттин (Урмат Самаевдин) окуяга тиешеси жок болсо, катышпаса, ошондо эле чыгып, «ой, айланайындар, мен ал жерде болгон эмесмин, менин тиешем да жок, парламентти жөн эле жаманатты кылбагыла, мен парламент мүчөсүмүн» деп койсо болмок да. Анткен жок. Бирок, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы анын суракка чакырылганын айтты. Бул жерде кайчы пикир жаралды. Мына эми кайчы пикирден улам каршы пикирлер чыгып жатат. Дегеле, депутаттардын кандай гана кылмыштуу, чулгандуу иштерге аралашканы парламенттин аброюна көө жабат. Мындайда депутат өзү чечим кабыл алып, «парламентти, кесиптештеримди уятка калтырдым» деп четке чыга бериш керек. Антпесе, «депутаттар жат иштерге, контрабандаларга катышы бар экен» деген коомго кеп кетет. Бул сөзсүз түрдө Жогорку Кеңешке болгон эл ишенимин төмөндөгүп жиберет.
- Милиция бул кылмыштуу окуяны жаап-жашырганга аракет кылды, бирок ишке ашпай калды. Бул эмнени билдирет?
- Депутат эгер бул кылмыштуу ишке аралашып туруп, «тиешем жок» деп жатса, анда ички иштер министрлиги айтса болмок, алар билет. Анын ордуна милиция «атышуу болгон эмес, жөн эле чыр-чатак, жаңжал чыгып кетти» деп жапканга аракет кылды. Бирок, жанагы ок жеген жигиттин президентке кайрылуусу интернетке чыгып кетип, анан шашылыш түрдө булар моюнга алууга аргасыз болушту. Мынчалык деңгээлге жеткирбеш керек болчу. Бул окуя бир гана парламентке эмес, ИИМге да көө жаба турган иш болду. Муну менен өкмөттүн структураларынын ыкчам иш алып бара албагандыгы кашкайып көрүңдү. Андыктан, бул иш жөн эле жабылып калбаш керек. Кайсы бир жетекчилердин жоопкерчилиги каралыш керек деп ойлойм.
Динар Турдугулова
Булак: "Азия Ньюс"