www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союздун учуру. Айылды колуна алып, башкарып турган раис Алым Ишенов чөптө иштеген жаш келинге көзү илинип калат да, аны торуна илинте албай катуу убара болду. Эх, акчанын, арактын, аялдын түбүнө ким жетиптир. Бирок ошол үчөөнө жетүү үчүн курган эркек тааналар эмне деген гана убайымга барышпайт.Раис аканын да шатысы кетип, уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген жаш келиндин турпаты жанын жай алдырбады. Кээде болбогон шылтоону таап, чөптө иштеген аялдарды шынаарлап, тиги келинди көзү менен атып, аны карагандан тажабайт. Акыры болгон дитин келин ээлеп алды. Ээлегени курусун. Бул жалганда ашыктыктын азабынан өткөн азап барбы?

Талаага келип алып, келинге жолугуунун эбин келтире албай, раис машинасын көздөй баскан кезде алиги келин артынан келе жатып үн салды:

-Раис ага аярлай турасызбы?-деп, кулакка жагымдуу назик үнү менен кайрылганда, раис уккан кулагына ишене албай, ушунчалык тез артын карады. Карап көргөн көзүнө ишене алган жок. Кадимки өзү арзып калган музоо кирпик, бакыраң көз, кымчал бел келин, көргөн көздү кубантып, артынан басып келе жатканын ушунча аз убакытта көзү тойбой караганга үлгүрдү. Курган жан ай. Арзууң менен аңга киргир.Ушул жашында кызындай болгон келинге көз артып, аны аңдып каларын билген эмес эле го?

Келин жанына жакын келип, жагымдуу үнү менен:

-Сизге айта турган сөзүм бар!-дегени Раистин оюн онго, сансаасын санга бөлдү го чиркин. Келин алдыга дагы он кадамдай басты, эл укпасын деген таисте. Анын бул аракети раиске ушунчалык санаа жүгүн артты “эмне сөз айтат болду экен” деп. Келин качан өзүнүн оюндагыдай жерге келгенде раисти карап:

-Раис ага, мен баарын билем. Ал турсун сизге абдан туура түшүнүп да турам. Ыракмат, сизге. Сиз азыр эч нерсе айтпасаңыз да билип турам,мени арзып калганыңызды. Сизде эмне күнөө, эгер сизге жүрөгүңүз тынчтык бербей жатса. Эгер менин башым бош болсо анда мен, сиздин талапты ойлонот элем. Азыр сиз жеңенин алдында, мен тийген күйөөмдүн алдында ак бойдон калалы. Сиздин сезимиңизди сыйлайм. Бирок биз сый бойдон калганыбыз оң. Ыракмат мага туура түшүнгөнүңүзгө!-деп кулакка жагымдуу сөзүн айтты да, жагымдуу жылмайып анан ал жерден шарт артка бурулуп чуркап кетип калды. Анын бул арактеинен эле аялдардын баары аны арзып калганын билип, уялып кетти да анан келиндин “жеңенин алдында ак бойдон калыңыз” деп айтканы ушунчалык катуу таасир берип, кечинде үйүнө абдан шашып келди. Келип, аялына арнап алган белегин колуна карматты.

Аялы, раис күйөөсүнүн жасаган бул жакшы мамилесине жетине албай ыраазы болуп, баласынын бетинен өөп, көңүлүн өстүрө жакшы сөз айтып дүкөнгө жиберди, алган буюмун майлаш үчүн. Баласы магазинден таттуу - тарапа алып келе жатып, ээрчип алган итине таттуудан берип койду. Мындай таттуу нерсени жеген ити дагы кубанып калды да, жолдун наркы өйүсүндө апасына жеткирбей чуркап келе жаткан баланын алдын тосуп үргөндө, чуркап келе жаткан бала токтоп кады. Ушул убакта катуу ылдамдыкта келе жаткан машина асманга чаңды сапырып өтүп кетти. Кичинекей баланын апасы ушунчалык кубанып, кечинде раистин үйүнө, күйөөсүн ээрчитип алып ыраазычылык билдиргени келди:

-Эгер, сиздин уулуңуз менен итиңиз болбогондо баламды машина уруп кетмек эле-деп болгон окуяны түшүндүрүп айтып бергенде Раис күлө карап, ушул иштин башы барып алиги келиндин жылмайып күлүп, жагымдуу сөз айтканына барып такалганын эстеп “жылмайып, көңүл өстүргөн, садага бергенге тете” деп айтылган сөздүн анык экенин билди.Андыктан беш күндүк бул жашоодо бири-бирибиздин көңүл менен да эсептеше жүргөндүн өзү жакшы жышаан экенин эстен чыгарбасак.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости