www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың.Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук.
Каармандарыбыздын айрымдары аларды жылмаюу менен эскерсе, кээ биринин каңырыгы түтөп, үнүнөн досуна болгон кусалыгы сезилип турду.
- Улан чынчыл болчу. Экөөбүз аэропорт жактан кымыз ичип келмей адатыбыз бар эле. Бир жолу кыштын күнү кымыз ичип келе жатсак унааны МАИ кызматкери токтотту. Өзүм түшөм десем Улан “мен эле бүтүрөм” деп койду. Күтүп отурам, жок. Күзгүдөн карасам маичиге колун жаңсап сүйлөп атат. Бир нерсе болду го деп басып бардым.
Көрсө, Улан түшөрү менен “байке, кымыз эле ичтик” деп айтып салыптыр. Кымыз деле спирт ичимдигине кирет да. Кызматкер ишенбей, биз унаадагы бөтөлкөдөгү кымызды көрсөтүп атып араң кутулган болчубуз. Эми кымызды айтпай эле “съёмкадан келатканбыз” деп калп айтып кутулса деле болмок. Бирок Уландын жан-дүйнөсү жалган нерсеге жол берчү эмес. Чынчыл болгон үчүн бир да акча сунуштаган чиновникти жанына жууткан жок. Күндө сүйлөшүп турар элек. Кокус мен чалбай калсам: “Досум дебей доке дечү, тирүүсүңбү?” деп түгөлдөп калчу. Жумушу менин үй жагымда болчу. Чогуу түштөнүп турчубуз. Улан мага дос эмес, бир тууган болуп калган эле.
Булак: "Леди кж"