www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «​Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтөөсүнө пикирин билдирди.

"Ыдырыс Исаков көргөн ишти УКМКнын Идириси (Кадыркулов – УКМКнын төрагасы – ред.) көрбөй калса, анда иш чатак. Кантип көрбөй койгонго болот? УКМК бир эле Алма-Ата көчөсүндө жашаган Атамбаевди карай бербей Оштогу Атамбаевди да караш керек экен. Ал жак каралбай калып, экинчи Атамбаевди миллионер кылып жибериптирбиз. Ыдырыс Исаков ушундай ишти алып чыкты. Бул дагы Уландын ишинин уланып жатканы".

Эл өкүлү бул тууралуу маркум, “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин аты Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине берилип, ага байланыштуу куран окутулган учурда айтты.

Ыдырыс Исаковдун "​Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»" деген иликтөөсү 17-апрелде чыкты. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы тууралуу сөз болот.

Анын мисалында Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык деп айтылган бир нече компания бюджетке салык төлөбөй келатканы айтылат. Мындан тышкары Атамбаев менен бирге иштеген ишкерлер андан акчасын ала албай, күйүп кетишкенин билдирип, арызданышкан.

Буга чейин парламенттин дагы бир депутаты Жанар Акаев иликтөөдө айтылган фактыларга бийлик реакция кылышы керектигин айткан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости