www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солк этпеген союз таркагандан кийин, Кыргызстандын экономикалык жүрүшү басаңдап, тепсе термелбей, созулгандан созулуп, сүзүлгөндөн сүзүлүп келе жатат. 2010-жылдан кийинки өлкөдөгү баш-аламан кадрдык жүрүштү Алмазбек Атамбаев таштап кетти.  

-дедик...

Эми кеп кезегин борборуздун так ортосунда жайгашкан Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайына буралы.

Калдайган карааны болгону менен аталган спорт сарай кандай гана күндөрдү башынан өткөрбөдү. Сахнада канчалаган ырчылардын бакты ачылып, атактуулукка жеткирсе, айрым учурда оппозиция тарап төргө төрт олтургучту коё калып жыйналыш өткөрдү. Ал тургай 7-апрелдеги окуя боюнча Убактылуу Өкмөттүн аткаминер “артистери” соттук иштерин так ушул жерде өткөргөнү эсибизде. Андан сырткары биз билип-билбеген канчалаган иш-чаралар өтүп турганы белгилүү.

Кызыгы, керилген бул чоң сарайда жылына көптөгөн концерттер коюлуп, ижарага акчалар тынымсыз түшүп, акча агылып кирип турчу имараттардын катарына кирет.

Эми калдайган спорт сарайдын ичине кирели...

Спорт сарайга иш-чарага барып калсаң, албетте биринчи кабаттан ылдый көздөй түшөсүң. Тепкичтен түшүп бара жатканда кооз кыргыздын оймо-чиймелери көзгө урунат. Анан эле сол тарапта сонун кооз жасалгасы бар бөлмөнү көрүүгө болот. Бирок ал бөлмө эмнеге мынча кооздолгону мен үчүн түшүнүксүз...

Андан ары ажатканасын айтпай эле коёлу. Мындан бир нече жыл мурун ажатканасы да эл арасында армансыз эле талкуу болгону эсибизде.

Эми, аталган спорт сарайдын концерт коюучу залын сүрөттөгөнгө кирели. Баягы эле, союздан калган калдыктар. Олтургучтардын эскилиги жетмектен жетип, айрымдары сынып четте турат. Олтургучтардын тытылып, айрылып кеткен жерлерин скотч менен жармаштырып койгон. Сахнанын артын айтыштын деле кереги жок. Полдордун боёктору өчүп, жыгачтардын жыртыла баштаганын так ушул жерден көрсөң болот. Эгерде залдан түз экинчи кабатына көтөрүлөм десеңиз, өтө абайлап басканга туура келет, тепкичтери "эргээжелдердин" бутуна ылайыкташтырылган. Сахнада илинип турган пардолорунун эскилиги эбак жеткен. Кыскасын айтканда союздан калган саркындылар ошол боюнча былк этпей турат. Тактап айтканда, аталган спорт сарайдын “сырты жалтырап, ичи калтырап” турганына өз көзүң менен көрүп күбө болосуң.

Урматтуу, Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайдын өкүлдөрү, кыргыз эли ыр менен күүгө жакын калк! Чындыгын айтканда канчалаган ырчы-чоорчулар ижарага концерт коюп, кызылдай акчаларын санап беришет. Концерттик залдын ичине көңүл буруп койсоңуздар эл деле сиздерге чоң ыраазычылыгын айтса керек. Пайдубалы куюлуп, имараты тургузулуп калган залдын ичин кооздоп койгон колуңардан келбесе аман эле болгула! Чыгармачыл адамдар концерт учурунда 20 мүнөт кечиксе, электр жарыгын өчүргөндү билесиңер, киреше киргенден кийин 2 жылда бир жолу чыгаша кылганды үйрөнүп, заманбап болбосо дагы өзгөртүүнү ойлоп койсоңуздар жакшы болмок...

Кыскасы, аталган спорт сарайга концерт көргөнү барсаң, көңүлүн ачылбай эле жүрөгүң сыгылып чыгат.

Баса, уялбаганда өзүң уял болуп, үндөрү айрылганча радио ТВлардан жарыя кылдырып, “Жакында Кожомкул атындагы спорт сарайында, Кайрааа-ат Нуртас! Жакында Роза Рымбааа-аева!" деп, мактана бербей спорт сарайдын ички түзүлүшүн карап койсоңор боло “беттин калыңы жандын үзүрү”, деп олтура бербей...

Акчаны шытыр санап олтура бербей, калкка дагы шарт түзүп берсеңер ...же калдайган Кожомкул спорт сарайынын үлкөнү Африканын папуастар жашаган жеринен келгенби?

Алсак, аталган сарайда ырчылар концерт койсо эки саатка келишим боюнча 40 миң сом, атайын аппараттарга 20 миң сом, жарык коюп бергенге 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин төлөнөт.  Ал эми жалпы 2 200 дөн ашуун олтургучтар болсо баары эскилиги жеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости