www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендикке ээ болгон күндөн баштап эле күн тартибинде турган кандай коомдук-саясий түзүлүштөгү мамлекет курарыбыз, кайсыл жол менен өнүгөрүбүз, карманган идеологиялык баалуулуктарыбыз кандай болору ушул күнгө чейин анык болбой келе жатат. Мына ушул турмуштук өктөм зарылчылыктан улам, мындан туптуура эки жыл илгери 2017-жылы, 28-апрелде улуттук-мекенчил багытты карманган коомдук-саясий уюмдардын, партиялардын, кыймылдардын, жүздөгөн жеке улуу-кичүү атуулдардын катышуусунда жыйын өтүп, кеңешүүнүн жыйынтыгында биригип аракеттенүү максатын көздөгөн Меморандумга кол коюлуп, жандуу аракеттер башталган эле.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүк аз экенин билип туруп, улуттук-мекенчил жолдун тууралыгын элге жеткирүү, Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу зарылчылыгын тастыктоо максатында ТЭК өз талапкери менен чыккандыгы кечээки тарых болуп калды. Президенттик шайлоонун жүрушүндө 13 талапкердин тогузу Элдик Курултайдын керек экендигин расмий программаларында билдиришти. Бул да болсо алгачкы натыйжалардын бири болду.

ТЭКтин демилгеси, коомчулуктун колдоосу менен 2018-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн, коомдук-саясий уюмдардын Курултайын өткөрдүк. Жыйындын жыйынтыгы менен 19 пункттан турган Резолюция кабыл алынды. Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу максатында 19 адамдан турган Аткаруу комитети түзүлүп, жигердүү иш алып барууда. 

Конституцияны улуттук духта жанылоо, Кумтөр маселеси, улуттук идеология, саясий туткундар, бийликти узурпациялоонун кесепеттери жөнүндөгү маселелерди талкуулаган Конференциялар болуп өттү. Азыркы колдонуудагы Баш мыйзам кыргыз элинин табиятына төп келбегендиктен, туташ кризистин тереңдешине чон “салым” кошуп жаткандыгын кескин сындап, улуттук баалуулуктардын негизинде жаңы Конституцияны кабыл алуу зарылчылыгын баса белгилеп, КРнын Юстиция министрлигинен элдик демилге укугубуздан пайдаланып, кол топтоого расмий уруксат алдык. 

КРнын паспортунан “улуту” деген графанын алынып салынышы боюнча Конституциялык палатага экинчи ирет кайрылуубуздан соң өндүрүшүнө алынып, жакында 30-апрель күнү каралганы турат. 

“Элдик Курултайлар жөнүндө” мыйзамдын долбоорун даярдоо жөнүндө бийлик тарабынан Жумушчу комиссия түзүлүп, анын курамында ТЭКтин мүчөлөрү иш алып барышууда. Бул кадамдарды азыркы бийликтин элге жүзүн бургандыгынын алгачкы жышааны катары бааласа болот.

Саясий мотив менен абакта жаткандардын маселеси да ордунан жылып, алардын бир бөлүгү боштондукка чыкты, кээ бирөлөрүнүн иши жаңы жагдайларга жараша кайра каралуунун алдында турат. Курултайда көтөрүлгөн Батукаев, Дача Суу маселеси кайрадан козголуп, токтотулган тергөө иштери жандандырылды.

Чечилбей келе жаткан пайдасынан зыяны көп Кумтөр маселеси болууда. Биз бул маселени акыйкат чечүүнүн жолу катары денонсацияга барып, ишти токтотпостон жаңы инвесторлорду таап, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон жаңыча шарттар менен иш алып барууну сунуштап жатабыз. Кыргызстандын жер-суу байлыктарын элдин пикирин эске албай жең ичинен соодалоо дагы эле уланып жаткандыгын кескин сынга алабыз.
Мамлекеттин өнүгүүсүнө кедерги болуп келе жаткан коррупция менен күрөшүү, Сот реформасы, кадр саясаты, идеологиялык тармактагы ырааттуулуктун жоктугу бүгүнкү чындык бойдон калууда. Бул жерде мамлекеттик бийлик бутактарынын айрыкча Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Өкмөт, Прокуратура органдарынын эскиче иштеп, жогортон көрсөтмө күтүп олтура бербей, өз ыйгарым-укуктарына жараша жоопкерчиликти ала билген, чечкиндүү аракеттердин жетишпей жаткандыгы ачык көрүнүүдө.

Урматтуу мекендештер! Улуттук -мекенчил, коомдук-саясий уюмдардын 2-Курултайы 27-апрель күнү Кыргыз Дарама театрында, саат 10.00 дө өз ишин баштай тургандыгын билдиребиз. Күн тартибинде 1-Курултайдын чечимдеринин аткарылышы жана Конституцияны улуттук баалуулуктардын негизинде жаңылоо максатында кол топтоо ишинин башталышы жөнүндө Аткаруу комитетинин жоопчоту угулат. Катышууну каалаган тараптар Аткаруу комитети менен байланышка чыгып, толук маалымат алсаңыздар болот.
Урматтуу замандаштар! Биз улуу элдин урпактарыбыз! Ата бабаларыбыз эл-жердин, мамлекеттин кызыкчылыгын ар дайым керт баштын кызыкчылыгынан жогору коюшкан. Ошондуктан, бизге бейиштей болгон жерди, карайлаганда карманар руханий дөөлөт- мурастарды калтырышкан.

Бабалар жолун татыктуу уланталы! Адилеттик үчүн бир туунун астында биригип, бакубат жашоо үчүн бек туралы!

Коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайынын Аткаруу комитети

Булак: NazarNews.kg

Последние новости