www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Экс-президент Алмазбек Атамбаев пресс катчысы аркылуу Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши кайра каралып, аларга адилеттүү баа берилиши жана акталуусу жөнүндө билдирүү таратты.

Албетте Атамбаевдин калп сүйлөп, балп этип койгонун билчүбүз. Бирок мынчалык касамкор экенин билген эмес экенбиз. Текебаев менен Жапаров жана башка саясий мотив менен камалган саясатчылар Атамбаевдин түз кийлигишүүсү менен тор артына түшкөнүн бешиктеги бала деле билет. Атамбаев өзүнүн чалган ботколорунун барын азыркы президентке ачык эле оодаргысы бар. Мындай жүзү каралык менен Атамбаев абийир таппайт.

Садыр Жапаровду каматып, түрмөдө кол салдырып, кызылдай сойдурганын, өлүм алдында жаткан атасына жолуктурбай, көзү өткөндө топурак салдырбай койгонун унуттубу?! Садыр Жапаровду эле камап тим болбой, уулдарын иттин баласындай тепкилетип, бир тууганы Сабыр Жапаровду каматканычы?! Өмүрбек Текебаевди сотунда кызына жолуктурбай ыйлатып, кара ниеттик кылганын эл унуткан жок. Атамбаев эсинен ажырап эле унутуп калбаса, акыл эси ордунда адамдар муну эч качан унутпайт. Атамбаевдин мындай актанган осол сөзүнө уккандар кайсы жагы менен күлөрүн билбей турушат. Таң калычтуу, ушунчалык да бет тырмачылык болобу...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости