www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рысбек Кожобеков “Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүү демилгесине адистердин пикирин угалы” - деп айткан экен. Анда мен адис катары жооп берейин:

-Эгерде эске тутумум уят кылбаса:

Уран – Менделеевдин мезгилдик системасында 92-тизмеде. Атомдук массасы 235, 237 болгон радиоактивдүү элементке кирет. Жаратылыштагы табигый минералынын аты Туя-Мунит деп аталат. Андай аталышынын себеби ушул элементти Кыргызстандын Төө–Моюнунда өткөн кылымдын баштарында геолог Щелочков жана академик Ферсман, ошол жерден тапкан. Химиялык составы U2O3* V2O5* 8 H2O. Бул минералдын айланасында башка минералдардын карбонат, вольфрам, ванадий, ж.б элементтерден турган тоо тектери жогорку тыгыздыкта кармалат. Уранды кармап турган тоо тектерин Төө-Моюн минералдарынын физикалык структурасын бузганда урандын ядросунун өз алдынча бөлүнүүсү башталат: альфа, бета жана гамма – нурлары менен кошо химиялык элементтердин радиоактивдүү изотоптору; О – кычкылтектин 17, N – азоттун 15; С – көмүртектин 13; Cl – хлордун 19; металлдардын ж.б элементтери пайда болот. Пайда болгон радиоактивдүү изотоптор абага көтөрүлүп, топуракка аралашып, жандуу жаратылыштын биоценоз жана биогеоценоз экологиялык айлануунун циклине кошулуп, экологиялык чоң көйгөйдү пайда кылат. Эң коркунучтуусу эл-журтту дарылоого мүмкүн болбогон оорууларды пайда кылып, укум-тукумга бериле турган, генди өзгөртө турган коркунучтуу дарттар чыга баштайт. Онкологиялык ооруулардын ар түрдүүлөрү, лейкемия көбөйүп, ДЦП балдар төрөлө баштайт. Бул балээ "сени менен мага келбейт" деп кепилдик бере албайбыз. Адам заты менен кошо жаныбарлар дагы орду толгус жоготууга учурайт. Бул ишке кимдер кызыктар, эмне үчүн? Бул кенди иштете турган корпорация бийликте тургандарга миллиондогон пара берет, алар депутаттарды чакырып колдоп берүүнү тапшырат, каршы чыккандарга кылмыш ишин козгойт. Активдүү, мыкты иштеп бергендерге «премия» беришет. КТРК, ЭлТРден экологиялык эч кандай зыяны жок деп айттырышат, бейөкмөт уюмдарга жана айрым жалдама ММКга акча таркатышат, алар элдин башын айлантышат. Эл болсо; "бириң өлүп, бириң кал, талап-тоноп сатпаганыңар ушул калды эле" – дейт. Элдин кайдыгерлигинен, бийлик акча кылып байыйт, деп жооп берген элдик табып, ЖК депутаты Рысбек Кожобаевге.

Эске сала кетсек, ЖК депутаты Рысбек Кожобаев Супер.кж порталына "Урандан өлүп калабыз деп ызы-чууну көтөрбөй биринчи тиешелүү адистердин, экологдордун берген аныктамаларын алуу зарыл. Бул тема боюнча жакшы түшүнгөн, анын кесепетин же артыкчылыгын мыкты билген адистердин оюн угуу керек. Жаңы технологиялар менен, урандан зыян чыкпагандай кылып казса эмнеге болбойт? Ошондуктан түшүнбөй эле ызы-чуу кылуунун кереги жок”, деп айткан.

Депутаттын бул сөзү социалдык тармактарда ар кандай пикир жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости