www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышкерлер дүйнөсүнүн чыгааны болсо да Рыспек Батукаев баш болгон чечендердин кысымынан Кыргызстанды коргогон. Анын мындай аракети саясатка аралашуу боюнча жол ачып берген. 2005-жылдагы бийлик алмаштырууда көмүскө болсо да Рыспек чоң роль ойногон. А2005 –жылдагы парламенттик шайлоодо анын иниси Тынчтыкбек Акматбаев парламентке депутат болуп келет. Анын иниси ЖКда комитет жетекчиси катары түрмөлөрдү кыдырып жүрүп 2005-жылы күзүндө Рыспектин  айыгышкан душманы Батукаев тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Рыспек Акматбаев 2006-жылы 10 –майда мечитте өлтүрүлгөн.Булар коомчулукта чоң резонанс туудурган.

Бакиевдик бийлик учурунда Батукаевди бошотуп алуу боюнча аракеттер болгон. Ортого көп суммадагы акча менен мурунку жердешибиз, казакстандык миллиардер Александр Машкевич түшкөн. Бирок "муз эриген эмес". 2013-жылы январда орус кылмыштуулар дүйнөсүндө «авторитеттүү» бүт Урал тарапка көз салган  «Дед хасан» наамындагы Асла́н Раши́дович Усоя́ндын көзү өтөт. Бул маселе чечен кылмышкерлер дүйнөсүндө Батукаевди бошотуп келүү тууралуу маселени кабыргасынан койот. Албетте, мындай оюн бекер бүтмөк эмес. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин» дейт, ошол кезде бул маселе катуу көтөрүлгөнү менен акыйкатты айткан адамдар катуу запкыга калган.Бул оюндун «дирижеру» ким экени белгилүү, оюнду уюштурган «Башкы скрипач» президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев менен вице-премьер Шамил Атаханов болгон. Президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын мединституттагы курсташы, ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Нарын камагында жаткан Батукаев «ооруп өлгөн жатат» -деп көрсөтмө берип дарыгерлерге бул диагнозду койдуртат. Алты жыл өткөн соң дарыгердин кылмыш иши жасаганы белгилүү болду. Ошол кездеги омбудсмен Турсунбек Акун канча доллар менен оозун ушалаганын ким билет, уясынан учуп чыккан тоту куштай: «Батукаев өлгөнү калды» -деп коомчулукка кабарлап, элдин жийиркеничине кабылган. Ал эми ГСИН жетекчиси Зарылбек Рысалиев Нарындан «Манас» аэропортуна чейин ээрчип, куйругун чамгарактаткан машкедей артынан калбай узатып жүргөн. Андан бери алты жыл өттү «өлүм алдында» жаткан Батукаев жүрөт.Батукаевдин бошотулушу үчүн бир дипломат толтура акча берилгени тууралуу каңшаар таралган, коомчулукта кызуу резонанс туулган. Ал эмес ошол кездеги президенттик аппарат жетекчиси, шопур, бийлик партиясы болгон СДПК фракция жетекчиси жана башкалар акча бөлүштүрүү учурунда чыр-чатак чыгып кеткен имиш деген да сөз болгон. Мыйзамсыз акча алдык деп ким мойнуна алмак эле, мурунку президент бул оюнга катышты деп калп айтпайлы, анткени ал Банк ячейкасында миллиондорду бөлүштүрүп жатканда да өзүмдүкү жетишет деп ырымга 100 доллар алып, миллиондорду албай койгон. Арийне, мындай чоң иш ошол кездеги президенттин жашыл жарыгы күймөйүн кыймылдамак эмес.  Дипломат акча бөлүштүрүүдө кошоматчылар президенттин эмес, «канайымдын» «долясын» беребиз деген сөздөр болгон имиш.

Кийинки муун Батукаевдин ким экенин билбей калышы мүмкүн. Акаевдин заманында Токмоктун кулуну “вор” наамын алган Азиз Батукаев кыргыз жеринде төрөлүп өссө да, бир боор чечен “мафиясын” чакырып келип, кыргыз ишкерлерин басмырлап, ар бирине салык салып, Кыргызстанды чечен мафиясынын колуна салып бергиси келген. Ага каршы кыргыз жигити “Вор” намына жете элек болсо да кылмыш дүйнөсүндү “авторитети” чоң Рыспек Акматбаев чыккан. Ал Кыргызстан кыргыздардыкы экенин сезип, чечендерден тазалоо үчүн катуу киришкен. Бул таймашта Рыспек көп жакындарынан айрылган. Арийне, Кыргызстандан чечен “мафиясын” сүрүп чыкканы чын. Мындай карама-каршылык кийин да уланып, Рыспекке болгон өчөштүк анын бир тууганы ЖК депутаты Тынчтык Акматбаевдин Батукаев тарабынан өлүмү менен аяктайт. 2015 –жылы күзүндө Рыспек Акматбаев чоң күч менен Ак үйдөн акыйкат издеп, Батукаевдин жандосу премьер-министр Феликс Куловдун кызматынан кетиши тууралуу маселе менен бийликти ороп калат. Бул чечен “вору” Батукаевге жасалган чоң сокку болгон.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”

Последние новости