www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед» -министр – Гүлмира Кудайбердиева. Боконосу ката элек убакта Акаев - Бакиевдин заманы өтүп кетти. Атамбаев заманында «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койду. Атамбаевке шыпылдап жүгүнүп, ыйынып отуруп министрге жетти. Өзү жалгыз жүргөн жок бир үйүр аке-үкаларын коштой жүрдү. Бийлик келет,кетет, а байлык болсо кала берет экен, Абылгазиевдин өкмөтүнө «терисин тескери» жамынып, хамалеончо түсүн өзгөртүп, эстеликче катып калды. Ал эмес «Арзыматтардын атаманы» Кожош Рысбаев да тажап, кошоматынан оозун ачты, анткени депутаттыктан сотко өткөн Абдиев Курманбектин«Кур аякка бата жүрбөйт» деген бал тизмесине да жазылып алыптыр дешет. Ай асманды тааныбай чамгарактап турган Абдиевдин тизмесине түшкөндөр «брондолгон» машинедей, атса ок өтпөйт, чапса кылыч өтпөйт. Жөн да тизмеге түшпөй «ааламдын падышасын» даңазалап, «Жыландан жүн кырккан, бүргөдөн май сызгырган» куйруктары менен ката болсо да окуу китептеринен баар таап, мурун өзүн министр кылгандарга тиш кайрап, сес көрсөтүп турат. Элге батпай калган Гүлмира Кудайбердиева парламентке да батпай калыптыр дешет, ал жакка жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүрсө да ташы өйдө кулап турган Абылгазиев аны мурдунан жетелеп алган. Мурунтугун эмгиче чече элек, окуу китептеринде кеткен каталыктар үчүн статс-катчыларды салып берип, кутулгансып жашынып алды. Лекин, Ново-Павловка сыяктуу мектептерде мугалимдердин чыр-чатагы, мектептердеги кылмыштуулуктун күчөшүнөн, мушташып өлүп жаткан окуучулар анын артын ачып, жердин жети катар чуңкуруна түшсө да таап чыкчуудай. Дараметтүү министр болгондо бийлик менен парламентти карап жалдырабай, министрликти тартипке келтирмек. Өңгөлөр чырпык тигип чынар кылат экен, мурун тигилген чынар Гүлмира Кудайбердиеванын учурунда куурап баратат. Министрликке «кудай берди» деп жүргөн Кудайбердиева эми «кудай сактасын» деп тобо кылбаса болбойт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”